Жаңылыктар Кызыктуу

Кытай желеги Кыргыз тоосуна илинди!

Талас районуна караштуу Кара-Ой айылынын  түндүк-чыгыш жагындагы анчалык бийик эмес  Таш-Төбө тоосунун чокусунда көптөн бери  бири кызыл желек  илинип турганын жергиликтүү  айыл эли көргөнү менен маани деле  беришкен эмес. Айылдыктар  желектин алдына чоочун адамдардын тобу келгенин көрүшкөн.

Патриотпуз дегендер келип  Кыргызстандын желегин тоо башына сайып кетишкен окшойт деп ойлогонбуз. Жок, бул Кыргызстандын желеги эмес экен, кызыл-күрөң сыяктуу ортосунда ак анан сары белгиси бар желек сайган темиринде күн сыяктуу чачыраган бир башкача темир менен ширетилип кооздолгон  желек экен. Кайсыл уюмга, кимге  тиешелүү желек, кимдер алып келип тоо башына  сайып кетишкен билбейбиз, -дейт айыл тургуну И. Иманкулов.

Илгери Таласта кытай, калмактар жердеп турушкан экен. Ошондуктан Калмак-Кыя, Калмак-Ашуу, Кытай-Төр деген жерлер ушул Кара-Ой айлында көп. Ал тургай Жерүй кенин биринчи жолу кытайлар казып, тоо боорлоруна  таш кыналган арыктарды курушкан. Тарыхый китептерди  карасаңар байыркы кытай желеги так ушул желекке окшош, кызыл түстө, ортосунда кызыл  тегерек айчыгы, анан саргыч күрөң түстүгү айды элестеткен тегерек белгиси бар.  Кызыл бул кытай элинин сүйүхктүү түсү жашоону, элди символдоштурат, ортосундагы ак айчык  Теңирдин колдоосу, чок ортосундагы сары түс бул – асман ажыдаарынын — Бийликтин түсү демек бийлик Теңирдин колдоосу менен элди башкарып турат дегенди түшүндүрөт. Ал эми байыртан  кыргыздар Көк асаба туу көтөрүшкөн. Кыргыздын байрагы асман менен үндөшүп көгүлтүр түстө болгон.

  • Ошондуктан “Манаста”: “Көк асаба, кызыл туу, көтөрүлгөн ызы чуу” деп айтылган. Көк асаба көтөргөн кыргыздар менен кызыл туу көтөргөн кытайлардын ортосундагы кыргын ушундай сүрөттөлгөн,-  дейт, бул тууралуу оюн билдирген жергиликтүү журналист.

Тоо башына барып, желекти көрүп, Кыргызстандын желеги эмес экенин көргөн жергиликтүү жаштар тобу белгисиз желекти тоо башынан алып салышты.

Яндекс.Метрика