Жаңылыктар

Таласта коронавирус! Кандайча?

Талас жеринде алгачкы жолу коронавирус менен ооруган адам катталды.

Тынч жашап жаткан Талас элинин тынчын 9-июнь күнү эртең менен атайын жабдуулар менен чүмкөлгөн медиктердин машинасы бузуп, көчөлөрдө катуу сүйлөгүчү менен “үйүңөрдөн зарылчылыгы жок чыкпагыла”, деп кыйкырып жүрдү. Эл анча деле маани берген эмес,  Андан кийин Талас шаардык поликлиникага бир дагы адам кире албай узун кезек пайда болду.

Көрсө ошол үй-бүлөлүк борбордун кызматкери вирусту жугузуп алыптыр. Акыркы маалыматтар боюнча ал сырттан келген (болжол менен Бишкектен). Аны менен таксиде келген адамдар изделүүдө, үй-бүлөсү жана ал байланышкан адамдардын баарынан анализ алынат. Акыркы белгилүү маалыматтар ушулар, толугураак билээр менен чыгарабыз.

Яндекс.Метрика