Видео Саясат

Мадумаров бийликти «Ысык-Көл» мейманканасын бузбоого чакырды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийликти «Ысык-Көл» мейманканасын бузууну токтотууга чакырды. Анын пикиринде, бүтүндөй өлкөдө болгондой эле шаарда өлкөнү символдоштурган тарыхый жайлар өтө аз.

Саясатчынын айтымында, азыркы бийликтин колу ушунча кычышып жатса анда 11 жылдан бери турган шаардын борборундагы өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын калыбына келтирип берсе жакшы болмогун айтты.

Мадумаров октябрь окуясында дагы эске салды.

«Өткөн жылы мейманкананын ичи айрым саясатчылардын жактоочулары тарабынан талкаланган. Мунун баары кандайдыр бир себептерден улам болуп жатат жана бул мейманкананын чоң аймагы менен байланыштуу.

Ысык-Көл мейманканасы эбегейсиз чоң аймакка ээ. Аны бузуу идеясы жана себеби белгилүү: 2008-2009-жылдары бийлик кытайлык инвесторлор менен ал жерге коммерциялык объект куруу боюнча келишим түзгөн. Акылбек Жапаровдун бул келишимге тиешеси болушу мүмкүн», — деди саясатчы.

Видео:

Яндекс.Метрика