Окуялар

Мен кызмын бирок, кызды жакшы көрүп калдым. Аны менен чогуу жатканды…

Анда сөз башынан болсун, мен өзүм 21жаштамын, турмушка чыгып ажырашып кеткем. Күйөөм көп сабап күн көргөзбөчү, учурда бир балам бар.

Чынын айтканда эркектерден тажадым, көргүм келбейт десем болот. Мен бир кызды аябай каттуу жакшы көрөм, чамасы сүйүп калдым окшойт. Ал кыз менден 3 жаш кичүү.

Анын сүйлөгөндөрү, кылыктары, күлкүсү бардык жагынан мага аябай жагат. Анын өзүнө айта албайм, сени жактырам деп. Биз жолугуп, сүйлөшүп, жазышып жүрө беребиз. Тамашалап «сени сүйөм» деп койом.

Ал тамаша катары көрүп жүрө берет, анын мага болгон мамилеси жакшы, сыйчыл кыз, мен аны эч кимге жолоткум келбейт, кызгана берем. Ал болсо көп балдар, кыздар менен жүрө берет, мени эч эле укпайт.

Телефон чалсам албай дагы койот, көп адамдарды өзүнүн теңине ала бербейт. Анын жанында өзүмдү аябай соонун, ыңгайлуу жан дүйнөм жыргагандай сезем. Аны баарынан кызганам, кадимкидей аны менен чогуу болуп ага кам көргүм келет.

Өзүмө болгон жакшылыктарды ага дагы каалайм. Ушул адатымды кантип таштайм? Эркетерди көргүм келбей калды, ал кыз менен чогуу бир төшөктө жаткым келе берет. Өзүмдү

түшүнбөй жатам эмне болуп жатканын. Кыялдансам да ал кыз менен чогуу болгонумду каалай берем. Кадимки эле кыздын эркекке болгон сүйүүсүнө окшош.

Мурда буга чейин эч бир мындай сезимдер болгон эмес, жаш кезде көпчүлүк кыздардай эле балдарды жактырып, алар менен сүйүү мамилелер болуп келген.

Же мүмкүн күйөөмдүн кордугун көргөндөн кийин ушундай болобу, билбей жатам. Сураныч, кеңеш бериңиздерчи эжелер. Аноним болсунчу Рахмат.

Урматтуу окурман, эгер сизде эч кимге айта албаган арманыңыз же бөлүшө турган оюңуз болсо биздин WhatsApp номерибизге байланышыңыз.

One thought on “Мен кызмын бирок, кызды жакшы көрүп калдым. Аны менен чогуу жатканды…
  1. Кыжаалат болбо озунду ар тараптан сынап кор, только ишти ойло. Менде да сендегидей окуя. Бирок мен турмушка чыккан емесмин. Озунду назик алып жур еркектердин ишин кылба. Анан арыласын бул жаман нерселерден. 1 жыл мурун менде да болгон бул нерсе озум мн Тен КыЗды жакшы коруп ыйлаган кундорцм да болгон.

Comments are closed.

Яндекс.Метрика