Видео Саясат

Видео. «Спортчу болсоң өзүңө спортчусуң». Депутаттар мушташып кетишти

23-июнда Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын ортосунда чыр чыкты.

Уруштан 10 мүнөт мурун депутат Наталья Никитенко фракциянын жаңы лидери Шерали Абдылдаев көпчүлүк добуш менен шайланганын жарыялаган. Буга чейин лидери Сайдулла Нышанов болгон.

Депутаттар Нышанов жана Шайлообек Атазов фракциянын чечими мыйзамсыз болгонун билдиришти.

Бир аз убакыттан кийин жыйындар залында микрофондун сыртындагы оозеки уруш башталды. Депутаттар кесиптештери Айсулуу Мамашова менен Шайлообек Атазовду бөлүп алышты.

«Сен спортчу болсоң өзүң үчүн спортчусуң» деди ал Атазовго кайрылып.

Фракция депутаттары бири-бирин токтотууга чакырып жатышты, алар уккан жок.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев кесиптештерин тынчтанууга үндөп, сүйлөшүүлөр үчүн залды таштап чыгып кетүүнү суранды.

Видео:

Фракциянын бардык мүчөлөрү жыйын бөлмөсүнөн чыгып кетишти.

Яндекс.Метрика