Жаңылыктар

Мени террорист кармагандай кармашкан. Райымды болсо…

Темирлан Султанбеков менен Райымбек Матраимовдун кармоосун салыштырып көрсөк экөөнүкү таптакыр эки башка. Өлкөгө 56 миллиард сом зыян келтирди деген адамды костюмчан 2 кызматкер барып, колуна акырын кишен салып жатканын көрдүк.

Ал эми аянтка киши чогултту деп айыпталган Темирланды атайын спецназ менен кармап кетип 4 сутка камактан кийин гана бир топ саясатчылардын, элдин нааразычылыгы менен 2 айга үй камагына чыгарды.

Бул боюнча Темирлан өз оюн билдирди:

«Мени камаганда террорист катары эле камашты, 4 күн камакта отургузуп, коркутуп койдук деп ойлогон го, мен коркпойм, элдин колдоосу үчүн гана чыктым, сасык саясатчылардын калп, элдин астында упай топтош үчүн айтылган сөздөр үчүн эмес! Раим Матраимов Кыргызстандан бир эле эпизодунда 700 млн$ кайтарышын талап кылганбыз (бул 56 млрд. сом), 2 млрд. сом берем десе эле, элди сатып жиберели деп жатышат го… антпегиле, элдин ишенимин актагыла!(( Менин жана Раим Матраимовдун камалышыбызды айырмалап көрсөнүз сүрөттөн… 😔«

Яндекс.Метрика