Дүйнөдө Жаңылыктар

Москвада боюнда бар кыргыз жараны жыныстык катнаш учурунда каза болду

Москвада ашпозчу болуп иштеген Кыргызстандык кош бойлуу аял жыныстык катнаш учурунда каза болду. Бул тууралуу Орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

23 жаштагы кыз боюнда бар экенин өнөктөшүнөн жашырганы аныкталды. 18 жаштагы бала менен 23 жаштагы Кыргызстандын жараны үч ай мурун Москванын түштүк районунда жайгашкан тез тамактануучу жайга жумушка орношкондо таанышкан. Бир аз убакытка чейин алар дос катары сүйлөшүп, андан кийин жакын болууну чечишкен.

«20-декабрда жигит сүйгөн кызын киного чакырган. Аягы кайгылуу аяктады. Жыныстык катнаштан кийин кыз кансырап барып эсин жоготкон», — деп жазышкан Орусиялык ЖМКлар. Эксперттер белгилегендей, Кыргызстандын жараны кош бойлуулуктун баштапкы стадиясында болгон, жыныстык катнашта жатындан кан агуу башталып, жүрөк токтоп калган.

Яндекс.Метрика