Жаңылыктар

Журналисттердин арты менен УКМК кызматкерлери батирлүү болушабы?

Бүгүн, 24-декабрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп анда Матраимов бере турган 2 миллиардды акчалай жана кыймылсыз мүлк менен толтурганын билдирди. Матраимовдон алынган 8 батирди УКМКнын кызматкерлерине берүүнү чечти.

Ташиевдин бул чечимине социалдык тармактын колдонуучулары нааразылык билдиришүүдө. УКМК кыла турган ишти журналисттер жасашканын айтышууда. Ооба, журналисттер болбосо Матраимов көмүскөдө кала бермек, 2 жылдан ашуун убакыт журналисттер анын бажыдан кымырган акчаларын далилдеп беришсе дагы президент баш болуп эч бир орган козголгон эмес.

5-октябрда бийлик алмашкандан кийин гана Райым Матраимов 2 миллиард сом мамлекетке төлөп берээрин билдирген. УКМКнын кызматкерлери эмне Райымга май куйуучу жайдан колуна кишен салганы үчүн батирлүү болуп калышабы? Ошол батирлер өз өмүрлөрүн тобокелге салып, эч нерседен коркпой иштеген журналисттерге берилсе туура болот беле? Мейли, батирди биякка кой, жок дегенде журналисттерге 2 ооз сөз менен ыраазычылк билдирип, мактап коюшса кандай жагымдуу болот эле…

Яндекс.Метрика