Видео Дүйнөдө

Москвада такыр баштар менен кыргыздардын мушташкан видеосу тарады

Москвада 22-июнда Молодежная метросунун жанында жаш скинхеддердин катышуусунда болгон мушташтан кийин кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу «Mash» Telegram каналы  билдирет.

Бир нече адам улутчулдук ураандарын кыйкырып, кыргыздардан турган башка жаштар тобу менен өз ара пикир келишпестиктер чыгып, чыр-чатак мушташка айланган. Кол салгандардын бири курал алып чыккан.

Жыйынтыгында Кыргызстандын жарандары жабырлануучу деп табылды. «Курал колдонуу менен бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, төрт адам кармалды, алар 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Видео:

Яндекс.Метрика