Жаңылыктар

Нооруз күнү мас болуп эркекти бычактап өлтүргөн аял кармалды

Москва районунда өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелип аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, 21-мартта саат 16:30 чамасында Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнөн Беловодское шаарындагы үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылды деген билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери бычактан жаракат алган 1969-жылы туулган Т.М.нын жансыз денесин табышкан.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Чүй облусунун ИИББнын жана Москва районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Ж.
Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча кылмыш мас абалында чырдын негизинде жасалган.

Шектүү Москва районунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Яндекс.Метрика