Жаңылыктар

«Орусча суроо берсең кыргызча жооп беришет!» Кыргыз тилин жээриген журналист

Учурда кыргыздын атка минерлери чогулуш, отурумдарда кыргызча сүйлөгөндү адатка айландырышууда. Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров болсо кайсы жерде болбосун эне тилинде сүйлгөнүн көрүп жатабыз. Сыягы башка чиновниктер андан үлгү алып жаткандай.

Бирок, бул көрүнүшкө каршы чыккандар жок эмес. «Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметов бул тууралуу мындай деп жазып чыкты:

«Атка минерлердин эмне деген аңкоо адаты пайда болду? Орусча суроо берсең кыргызча жооп беришет. Силер эмне ушундай жол менен патриот экениңерди билдирейин деп чечтиңерби? Бүгүн Балбак Түлөбаев дагы ушундай кылды, Садыр Жапаров болсо принципиалдуу түрдө орусча сүйлөбөйт. Жакында эле башкы прокурор таптакыр эле «кыргыз тили баарынан улук» деп салды. Бул кандай? 20-кылымдын башындагы немистердин: Deutschland über alles?

Эмне, баары түшүнгүдөй эки тилде тең сүйлөсө болбойбу? Кыргыздар, орустар, дунгандар. Эмнеге кокусунан баары көз карашы тар, келесоо болуп чыга келишти!»

Яндекс.Метрика