Жаңылыктар

Орусияда Садыр Жапаровду сындап жүргөн адам жалгыз митингге чыгып кармалды

Орусияда жалгыз өзү митинг уюштурган кыргыз жараны кармалды. Ал фейсбук баракчасы аркылуу Садыр Жапаровду жана азыркы бийликти сындап келген. Бул тууралуу активист Орозайым Нарматова билдирди.

«Бекиев Эмил аттуу активистти бүгүн Орусияда ФСБ кармап кеткендиги кабарланды. Бекиев Эмил учурдагы сырдуу кызматтын жетекчисиТашиев жана өлкө башчы Садыр Жапаров боюнча абдан ачуу сындарды айтып келген.

«Зек Президент болууга укугу жок»-деген жазуу менен жалгыз митингке чыккандыгы менен таанылган. Ал Орусиянын да жараны болуучу, бирок биздин бийликтин тийиштүү адамдары тарабынан арыз жазылып, «жарандыкты мыйзамсыз алды»-деген кине менен орус жарандыгынан ажыратылган.

Учурда Кыргызстанга алып кетүү үчүн соттон айыпка жыгуу иштерине аракет жасап жатышат. Бекиев да социалдык түйүндөрдөн, айрыкча фейсбук бакракчасы аркылуу эркин оюн билдиргенден тартынчуу эмес»-деп жазган Орозайым Нарматова.

Яндекс.Метрика