Ден-соолук

Пневмониядан жалпы 310 адам каза болду. Ал эмне болгон ооруу?

Бир сутка ичинде коронавирустан дагы 4 адам каза болду. Пневмониядан сутка ичинде 42 адам каза болуп, жалпы 310го жетти. Бул илдеттен каза болгондор covid-19дан каза тапкандардан дагы көбөйүп кетти. Бул эмне болгон оору, кантип сактануу керек??

Пневмония же өпкөнүн сезгениши — бул өпкөгө инфекция киргенинен улам келип чыккан оору. Өпкө суюктукка же ириңге толуп, какырык менен коштолгон жөтөлдү, чанда кан кусууну, дене табынын көтөрүлүшүн, чыйрыгууну, дем алуунун кысылуусун козгойт. Пневмонияны түрдүү микроорганизмдер жаратат. Бул бактериялар же вирустар болушу мүмкүн. Бул оору балдарга, 60 жаштан улуу кары-картаңдарга, иммунитети алсыз болгон жана жүрөгү оорулуу адамдарга кооптуу.

Эң көп жайылган түрү бул — аба аркылуу жугушу. Бактериялар же вирустар өпкөгө кирген соң, негизинен адамдын иммунитети аны басып өлтүрүшү керек, микроорганизмдердин андан ары жугузуусун токтотот. Бирок бул микроорганизмдердин адамдын иммунитетин тоготпой коюуга жөндөмү бар, адамдын ден соолугу жакшы болсо да ал бактериялар же вирустар өлбөшү мүмкүн. Ошондуктан да өнөкөт оорусу барлар пневмонияны оор көтөрүп жатышат.

Пневмониянын дагы бир белгилери бул — көкүрөктө, далыда оорунун пайда болушу. Кандагы кычкылтектин көрсөткүчү да маанилүү, ал 93 пайыздан кем болбошу шарт. Жеңил жана орто пневмонияны ооруканага караганда, үйдө дарыгердин көзөмөлүндө дарылоо жакшы. Эң башкысы — бейтаптын абалын карап туруу жана ооруканага кайрылуу керек болгон учурду өткөрүп жибербөө кажет. Бейтап энтигип, тез-тез дем ала баштаса, кооптонуу керек. Бирок дүрбөлөңгө түшпөгүлө, бул өтө маанилүү. Адам чак-чалекейге түшкөндө «өлүп калбаймынбы» деп коркуу менен адамдын деми ого бетер кысыла баштайт.

Пневмония болуп калган учурда антибиотиктерди бир гана дарыгердин жазып бергени боюнча кабыл алуу керек. Химиялык аралаштырмалар менен ойнобогула. Дене табы 37 же 38 градустан көтөрүлгөн учурда парацетамол жана аспириндин төрттөн бир бөлүкчөсүн күнүнө 3-4 жолу кабыл алууга болот. Анан акыркы күндөрү көп айтылып жатан дексаметазонго токтоло кетсем. Бул башка дарылардын таасири тийбей калган учурда дайындала турган гормоналдык препарат. Ал заматта иммундук системди түшүрүүгө алып келет. Абалды ого бетер курчутуп жибериши ыктымал.

Яндекс.Метрика