Жаңылыктар Саясат

Президенттик шайлоо 10-январда өтө турган болду

Бүгүн, 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда президенттик шайлоонун мөөнөтү белгиленди.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 24-октябрдагы жыйынында ушундай чечим кабыл алынды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоонун мөөнөтү катары 2021-жылдын 10-январын белгилөө сунушталып жаткандыгын жарыялады. БШК мүчөлөрү бул сунушту бекитүү үчүн добуш беришип, колдошту.

Яндекс.Метрика