Билип ал

Телефондон бул белгилерди байкасаңыз анда сизди угуп жатышат

Жылдардын өтүшү менен техника күн сайын эмес саат сайын алдыга жылууда. Башка бирөөнүн сүйлөшүүлөрүн угуп, каттарын окуу кыйынга деле турбай калды. Бир нече жыл мурда мындай нерсе атайын хакерлердин колунан келген болсо, азыр жөнөкөй адам дагы атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен кыла алат.

Телефонду кантип угушат?

Мобилдик интернет аркылуу, blue-tooth,  wi-fi аркылуу аркылуу же атайын программалардын жардамы менен башка адамдын сүйлөшүүлөрүн укса болот.

Сиздин телефонуңузду башка адам угуп жатканын бул белгилерден билип алсаңыз болот.

Смартфонуңузда бул белгилер барбы?

1-Смартфон башка техникалардын (телевизор, компьютер ж.б.) жанына келгенде башкача добуштарды чыгарат.

2-Смартфон маал маалы менен өзүнөн өзү өчүп жанат.

3-Смартфон колдонулбай турган убакта да ысып чыгат .

4- Телефонду жаңы сатып алган болсоңуз дагы аккумулятору баттан түгөнүп баштайт.

5-Сүйлөшүп жаткан учурда башка добуштар, жаңырыктар угулат.

Эгер бул белгилерди өзүңүздүн телефонуңуздан байкасаңыз атайын адистерге текшертип коюңуз. Бул белгилер жок болсо анда ойлонууга кажет жок.

Мурда телефондордун сүйлөшүүлөрүн гана угуу мүмкүн болсо, замандын өнүгүшү менен смартфондор дагы компьютерден кем калбаган мүмкүнчүлүктөргө ээ. Түрлүү мобилдик тиркемелердин жардамы менен аларды укмак тургай камераларынан карап, кайсы жерде жүргөндүгүн дагы аныктаса болот.

Бирок алардын көпчүлүгү акча менен иштейт, ай сайын акы төлөп туруу керек. Бул тиркемелердин дагы бир кемчилиги же артыкчылыгы дейбизби, ошол кимдин телефонун уккуң келсе анын ээсинин уруксаты жок орнотуу мүмкүн эмес. Мындай тиркемелерди көбүнчө ата-энелер балдарынын кайда жүргөнүң билүү максатында колдонушат.

Мыйзам боюнча башка адамдын уруксаты жок анын телефонун угууга болбойт.

Яндекс.Метрика