Жаңылыктар

Путин менен жолугушпайт. Талант Мамытовдун Москвадагы иш сапары

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 6-декабрда Москвага иш сапары менен барган. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташуу маселелерин, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Россиянын өз ара байланышын өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле, Талант Мамытовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруу комитетинин төрагасы — КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуусу пландаштырылган.

Сапардын аягында Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясында жашаган мекендештер менен жолугушат. Мамытов бул иш сапарында Путин менен жолукпай турганы белгилүү болду.

Яндекс.Метрика