Видео Жаңылыктар

Бишкекте Пакистандын жараны оюнчук тапанча менен банкты тоноду

Бишкекте 22 жаштагы Пакистандын жараны оюнчук тапанча менен шаардагы банктардын бирин тоноп кеткен жеринен кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

«27-ноябрь күнү саат 17.21де «102» кызматына Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан банктардын биринде тоноо болгон деп чалуу түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган. Банктын өкүлүнүн айтымында, белгисиз адам саат 17: 16да имаратка чуркап кирип, тапанча менен коркутуп, акча берүүнү талап кылган. Бирок, банк кызматкерлери акча берүүдөн баш тартканда ал качып кеткен.

Видео:

Каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүнүн өздүгү аныкталды. Кармалгандан кийин, анын жанынан эки оюнчук тапанча табылган. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту шектүүнү СИЗО-1ге бир айга камакка алды. Тергөө аны ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогун текшерип жатат.

Яндекс.Метрика