Саясат

Садыр Жапаров Баш мыйзамга каршы чыккан адамдын бетин ачат

Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизип жаткан Садыр Жапаров Баш мыйзамга каршы чыккан адамдын атын атай турганын билдирди.

«Баш мыйзамдын долбоору жалгыз гана Садыр Жапаровдуку, ал диктатура орнотуп жатат деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым төмөнкүчө:


Бул баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери Курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана (албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык.

Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам.
Бул баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам.»

Учурда Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө бир топ саясатчылар каршы чыгышууда.

Яндекс.Метрика