Жаңылыктар

Садыр Жапаров иш бөлмөлөргө өзүнүн портретин илүүгө тыюу салды

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек чиновниктердин иш бөлмөлөрүнө мамлекет башчысынын портретин илип коюу маселеси боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдиги катары мамлекеттик структуралардын кеңселеринде жана имараттарында президенттин портреттерин илип коюуга бардыгы көнүп калышкан.

«Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө ал биздин жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча эч нерсе жасай элек деп эсептейт. Ошондуктан, ал бардык мамлекеттик органдарга кеңселерде жана административдик имараттарда портретин илүүдөн алыс болууну сунуштайт”, — деди Галина Байтерек.

Ал кошумчалагандай, Садыр Жапаров мамлекеттүүлүгүбүздү жана социалдык-экономикабызды бекемдөөгө баа жеткис салым кошкон Жусуп Абдрахманов жана Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин портреттерин илүүнү туура көрөт.

Яндекс.Метрика