Садыр Жапаров Улукбек Марипов менен жолугуп тапшырма берди
Толугу менен садыр жапаров
- Орозайым Нарматова: "Садыр Жапаров казино ачып" каралардан" карызын кутулабы?"
- "Оору күчөп кетсе карантин киргизебиз!" Садыр Жапаров кайрылуу жасады
- Садыр Жапаров социалдык тармактардан баш тарттыбы?
- Садыр Жапаров Бекешевди сокур деп айтканбы?
- Жапаров: "Жээнбеков өзү куруп алган башка бир дүйнөдө жашап келген"
Өлкөнү өнүктүрүүнүн кризистен кийинки программасын даярдоо процессин тез арада жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу 8-февралда өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолугушууда президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, ал программада орто мөөнөткө эсептелген негизги реформалар камтылышы зарыл экени айтылды.

Жолугушууда Жапаров азыр Кыргызстандын экономикасы өтө оор абалда турганын, ишкерлерге эркиндик берип, жеке секторду жана инвесторлорду коргоо, колдоо керектигин, алардын жергиликтүү бийликке ишенимин жогорулатуу, бюрократияны болушунча азайтуу зарылдыгын айтты жана коронавируска каршы бөлүнүп жаткан каражат туура бөлүштүрүлүшү керек экенин белгиледи.