Жаңылыктар

Шыкмаматов: «Жерүй боюнча келишим тарыхый ката»

Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча орусиялык ишкерлер менен түзүлгөн келишимди өзгөртүү мүмкүн эмес. Мындай пикирин 23-мартта “Азаттык” радиосуна курган маегинде Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Шыкмаматов Жерүй боюнча келишимди “тарыхый ката” деп атап, алтынды казышкан инвестор менен кирешени эмес, алтынды бөлүп алуу тууралуу мыйзам мурда кабыл алынбаганын белгиледи:“Бизге алтын түрүндө өтсүн, инвесторго калган пайызы да алтын түрүндө өтсүн, кирешени эмес, алтынды бөлөлү деген мыйзамды мурда кабыл алып койсок болмок”.

Яндекс.Метрика