Сутка ичинде 31 жаран каза болду
4-июлга карата пневмониядан 31 адам каза тапты, алардан COVID-19 тастыкталган эмес. Жалпы каза болгондордун саны – 151. Ал эми коронавирус жуктуруп алгандар бир суткада 327 адамды тузду. Пневмония диагнозу коюлган жарандардын жалпы саны 3009, алардын ичинен айыккандар 736 адам.
Сутка ичинде коронавирустан каза болгондор 2 адамды түздү. 59 адам айыгып үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары – 149
Чүй облусу — 65
Ош шаары- 45
Ош облусу — 8
Нарын облусу — 22
Жалал-Абад облусу — 8
Талас облусу — 1
Баткен облусу — 12
Ысык-Көл облусу — 17