Ден-соолук

Түбөлүк жаштыктын сыры табылды

Адамга генетикалык 120 жашты жашоого кепил­дик берилсе дагы, өмүрдүн аздыгына кыргыздар дай­ыма өкүнүп келебиз. Япондордун орто жашы 79 жаш, австралиялыктар, гректер, канадалыктар жана шведдер­дин орто жашы 78, немецтер менен америкалыктар 76 жаш, орустар, түрктөр 67, ал эми нигериялыктар, сома­лиялыктар үчүн 47 жаш.

Канткенде көп жашайбыз? Эң башкысы тамакты тойо жебеш керек. 2500 каллориянын ордуна денеге 1500 каллория жетиштүү. Тамак-ашты канчалык аз жесеңиз, клеткалар ошончолук бат алмашып, зат алмашуу бат жүрөт. Кыскасы бир калыптуулукка көнүү керек, тамак­ты көп дагы эмес, аз дагы эмес жегенге көнүү керек. Дайыма жаңгак жана малдын боорун жеп жүргөн айымдардын бетинде бырыш аз болот. 50 жаштагылар­га кальций, магний, фосфор керек. Бул заттар жүрөктүн жакшы иштешин камсыздайт.

40 жаштан жогору эр­кектер бөйрөк этти, катуу быштактарды жана жашыл­чаларды көп пайдалануусу керек. Анткени бул азыктар адамды стресстен сактайт.

Эң башкысы адам өзүнө жаккан, жүрөгүнө жакын кесипке ээ болуусу зарыл. Француздар айтмакчы, “Иш адамды жашартат”. Ким иштебесе ал өз курагынан кур дегенде 5 жашка улуу көрүнөт. Өзгөчө чыгармачылык менен иштегендер, философ, дрижер жана диний кыз­маткерлер дүйнө жүзү боюнча көп жашап жана жаш көрүнүшөт.

Яндекс.Метрика