Жаңылыктар

Талас облусу эки жумага жабылды, 83 адам вирус жуктурган

Талас облусу эки жумага жабылды. Бул тууралуу облустун жетекчиси Марат Мураталиев билдирди. Ал мындай чечим медициналык алгоритмдин негизинде кабыл алынганын айтты.

Мураталиевдин айтымында, эки апта бою «Талды-Булак» бекетинен Таласта каттоосу барлар гана өтө алат, каттоосу жоктор киргизилбейт.

«Ошол жерде Мамкаттоо кызматынын өкүлдөрү отурат. ID карталар текшерилет. Атайын журнал ачылган. Биздин тургундар болсо киргизебиз. «Эки жума ичинде эл каттабай турса туура болот эле» деп дарыгерлер айтып жатышат. Эл түшүнүү менен кабыл алып жатат».

Облус жетекчилиги мындай чечимин коронавирустун жайылышынын алдын алуу максаты менен түшүндүрүүдө. 9-июлга карата коронавирус Кыргызстанда 8847 адамдан табылды, алардын 83ү Таласта. Облуста бул илдеттен эки адам каза болгон.

Яндекс.Метрика