Талас шаарынын вице-мэри шайланды
Бүгүн, 17 – сентябрь күнү Талас шаардык кеңешинин 8 – чакырылышынын депутаттары жаңы вице-мэр шайлашты. Беш жарым айдан бери бош турган кызматка Көпчүлүк добуш менен Мира Сейдикеримова шайланды.
Өмүр баяны
Мира Сейдикеримова 1977 – жылы Талас шаарында туулган. Билими жогорку, 20 — жылдан ашуун журналисттик жаатта эмгектенген. 2012 – жылы Талас шаардык кеңешинин 7 – чакырылышынын депутаты болуп шайланган.