Жаңылыктар

Таласта 10 күндөн бери табылбай жаткан 2 жашар баланы издөө иштери токтотулду

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында 12-апрель күнү саат 17:00 чамасында Талас дарыясына түшүп кеткен 2 жашар баланы издөө иштери токтотулду.

Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, баланын атасы ӨКМнын Талас облустук башкармалыгынын шаардык жана райондук кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөнүн суучулдар 10 күндүн ичинде 35 чакырым алыстыкта издешкенин айтты.

Бүгүн, 22-апрелде бөбөктүн ата-энеси тил кат жазып издөө иштерине эч кандай доосу жок экенин билдиришкен.

10 күн ичинде жүздөгөн жергиликтүү тургундар, ӨКМ кызматкерлери, милиция болуп издешкенинен майнап чыккан жок. Бир болсо ал Киров суу сактагычынан табылышы мүмкүн экенин жергиликтүү тургандар айтышууда.

Яндекс.Метрика