Кемпир-Абад: Тургундар боз үйлөрдү тигип, мөөнөтсүз акция башташты (видео)
«Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы болгон Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары нааразылык билдирип чыгышты.
Алар топтолгон жерине үч боз үй тигип, мөөнөтсүз акция башташты.Алар Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду жокко чыгарууну талап кылышууда.
Видео: