Жаңылыктар

Таласта вирус жуккан 2 жаштагы наристе бар

 Бүгүн 17-июнда короновирус  дагы алты адамдан чыкты деп  расмий билдирилди. Бул туурасында Талас облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, жугуштуу ооруулардын алдын алуу борборунун  башкы врачы Чолпон  Сагындыкова кеңири маалымат берди:

  • Алты кишинин  үчөөсү короновирус менен биринчи ооруган жарандын туугандары, бир үй бүлөдөн төрт кишиден короновирус илдети чыккан, алардын ичинде 2 жаштагы наристе бар.

Илдетке чалдыккандардын бири “Тез жардам” унаасынын айдоочусунун жубайы. Дагы бири  Оренбург шаарынан келген обсервацияда жаткан мигранттарды караган Бакай-Ата райондук ооруканасынын мээрманы.  Короновирус илдети жуккан студент эл көп болгон аза күтүү зыйнатында болгон. Ал эми оору жуккан бир туугандардын үйүнө Бишкектен туугандары меймандап келген. Жыйынтыгында жогоруда айтылган  жарандарга короновирус илдети жуккандыгы тастыкталды.

Жергиликтүү башкаруу бийлиги, тиешелүү мекеме уюмдар, медицина кызматкерлери тарабынан көрүлүп жаткан иш аракеттерге, эскертүүлөргө карабастан жарандардын  көңүлкош мамилеси жана  эл көп чогулган жерлерге баруусу оорунун таралышына себепкер болууда.

Яндекс.Метрика