Жаңылыктар

Таласта бир күндө 6 адамдан вирус чыкты

17-июнь шаршемби күнү короновирус илдети менен Таласта  жаңы 6  учур катталды.

Короновирус илдетин жуктурбаганга зор аракеттер көрүлүп, Талас облусу карантин башталгандан тарта 85 күн илдетсиз жашады.  9-июнда Таластан биринчи короновирус  дарты жуккан Талас облустук үй бүлөлүк медицина борборунун врачы бар экендиги аныкталып, эртеси анын күйөөсүнөн, күйөөсүнүн досунан дагы короновирус илдети табылып, ооруканага жаткырылган. Андан бери арадан бир жума өтө электе оорунун жайылышы күчөп,  кечээ Талас облусу боюнча: Талас шаарында 6, Бакай-Ата районунда 4, Манас районунан 1 короновирус илдети жуккан жарандар бар экени расмий  айтылган.

Бүгүн күнгө  шаршемби, 17-июнда Кыргыз Өкмөтүнүн  республикалык штабынын таңкы жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары  Нурболот Усенбаев Талас облусунан короновирус оорусу жуккан 6 жаңы учур бар экендигин тастыктады. Ушуну менен бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча короновирус илдети жуккандардын саны17ге жетти.

Яндекс.Метрика