Жаңылыктар

Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик уюштуруу комитети айыл чарба министрлигине Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин бир добуштан жактырышты.

Бир топ депутаттар Тилекти макташып, жаштыгына көп көңүл бурушту. Анын ден-соолугун сурап, бир катар сунуштарын айтышты.

“Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев премьер-министр Садыр Жапаровду колдоону чечкенин журналисттерге билдирген. Анын талапкерлигин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуштаган.

Эскерте кетсек, 9-октябрда болгон баш аламандыкта Токтогазиевдин башына таш тийип ооруканага түшкөн. Учурда абалы жакшырды, бүгүн депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Яндекс.Метрика