Саясат

Учак менен эмес. Бабанов Кыргызстанга кайтып келди

Мурдагы премьер-министр дарылоону улантууну өз өлкөсүндө пландап жатат. Бир күн мурун Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келген. Бул тууралуу саясатчынын жакын санаалаштары билдиришти.

Белгиленгендей, дарыгерлер Бабановго операциядан кийин учак менен учууга тыюу салышкан. Буга байланыштуу экс-премьер Москвадан Бишкекке машина менен келген.

Учурда ал үйүндө дарылануусун улантып жатат. Бабановдун саясатка кайтып келүүнү пландап жатканы азырынча белгисиз. Ошондой эле УКМКнын СИЗОсуна дагы баруу ниети жок.

Эске сала кетсек, Өмүрбек Бабанов 31-майда Кумтөр долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга шектелип кармалган. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

26-июлда экс-премьер УКМКнын тергөө абагынан «Авиценна» жеке клиникасына которулганы белгилүү болгон. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөгө учууга уруксат берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, мындай чечим саясатчынын ден соолугунун начарлашына байланыштуу кабыл алынган. Августтун башында Бабанов дарылануу үчүн Москвага учуп кеткен. Саясатчынын адвокаты Амантур Абдырахмановдун айтымында, экс-премьер-министр чет өлкөгө текшерилүүгө кеткен, анткени анын диагнозун Кыргызстанда аныктоо мүмкүн эмес болгон.

Яндекс.Метрика