Жаңылыктар

«Жыныс мүчөсүн оозубузга салат». 6 жашар 4 кыздын ата-энеси арыз жазышты

Талас шаарындагы ата-энелер 6 жашар кыздарга ыплас мамиле жасаган деген кошунасынын үстүнөн арыз жазышты. Бул тууралуу алар аймактык кабарчыга билдиришти.

27 жаштагы Анара (аты өзгөртүлдү) буларга токтолду.«Менин 6 жаштагы кызым бар. Кечээ, 3-сентябрда кечке маал сыртта адаттагыдай эле балдарды ойнотуп жүргөм. Жер тамда жашайбыз.

Бир маалда кызымды, анан кошунанын кызын алар менен тең курактуу балдар ойнойбуз деп чакырышты. Кошунанын кызы менен менин кызым барбай койду. Бирок башка кошунанын кызы ээрчип кетти. Анан алар үйүндө баласы жок үйгө кирип кетти.

Мен «ал жакка эмнеге кирди?» деп ойлонуп калдым. Ошол маалда менин кызым кошунанын кызынын кулагына шыбырап калды. Мен шектенип, «мага деле айтчы кулагыма» деп алдадым. Кызым келип, кулагыма «ал байке бизди алып барып, жыныс мүчөсүн (редакцияланды) оозубузга салат» деди.

Мен шок абалда эмнени ойлонушту билбей, тамашалап айтып жатат го дедим. Анан жанагы үй тарапка бардым. Барсам эле, баягы кошунанын кичинекей кызы короо тараптан чыгып келе жатыптыр. Аркасынан чоң эле бала чыгып келе жаткан экен. Кызды ээрчитип кетип калдым. Үйгө келгенде өзүмдүн кызыман жакшылап сурадым. Андан кийин кыздардын апаларына барып, болгонун айтып териштирип баштадык. Баягы короодон көрүп, мен алып келген кыздан сурадык. Ал: «жат деп айтты. Мен жатпайм деп ыйласам, кыйкырып урушуп коё берди» деп айтты.

Кыздарыбыз көп нерсени айтпай жатат.Ал бала кыздарды момпосуй берем деп алдап чакырып, ар кандай ыплас нерселерди жасачу экен. Кыздарыбызды аябай коркутуп коюптур. Азыркыга чейин коркуп, «ал түрмөдөн келбейби?» деп сурап жатышат.

Мындай көрүнүш көп жолу кайталанганын, анын жыныс мүчөсү ооздоруна салганда тамагына чейин кирип кеткенин айтып жатышат. Кичинекей кыздарды психологиялык жактан бузду. Ооруканага кыздарды текшерткени бара жатабыз. Ал жакта эмне айтышат билбейбиз», — деди ал.Анара кошумчалагандай, аталган баланын үстүнөн 4 кыздын ата-энеси арыз жазышкан.

«Баланы убактылуу кармоочу жайга алып кетишти. Ал 1999-жылы туулган жигит. Биз аны бул жактан көп көргөн эмеспиз, тааныбайбыз. Ушундай жаман нерселерди угуп, жаман абалда калабыз деп ойлогон эмеспиз. Бул өзүнүн кылгандары үчүн жооп берсин деп талап кылабыз», — деп билдиришти ата-энелер.

Талас ШИИБден 4 кыздын ата-энеси арыз жазганын тастыктап, бул боюнча кийинчерээк билдиришерин айтышты.

Яндекс.Метрика