Жаңылыктар

УКМК Украинада согушуп жүргөн кыргыз жаранын кармады

Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын жараны К.у.А. кармалганын 12-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы боюнча кылмыш иши козголгон.

11-январда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдар да такталууда. УКМК ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Яндекс.Метрика