Видео Жаңылыктар

Видео. Ошто адамды өлтүрө сабаган дагы эки жаран чек арадан кармалышты

Ошто бир адамды сабап өлтүргөн деп шектелген дагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу түштүк борбордун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Кылмышка шектүүлөр Чүй облусунун аймагында чек араны кесип өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

«Издөөдөгү Эламан Коргонбай уулу менен Акылбек Райымберди уулу кармалды. Өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Ош шаарында криминалдык жаңжал болуп, анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлгөн. Дагы бир адам ооруканага жеткирилген. Арматура менен сабап, буттары сынган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүнү уюштурууга шектелип, Женго каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов кармалды. Анын шериктери издөөгө алынган.

Яндекс.Метрика