Видео Жаңылыктар

Видео. Аксыда селден 8 адам каза болду

Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде сегиз киши каза болду. Дагы эки адам изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Арасында эки бала да бар.

Түндө эки эркектин жана төрт аялдын сөөгү табылган. Алардын тек-жайы такталып жатат.

Көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Абдулнасир Закиров билдирди.

Видео:

Яндекс.Метрика