Видео Жаңылыктар

Видео. Бишкекте патрулдук милиция айдоочуну тапанча менен коркутту

Бишкекте Патрулдук милиция кызматынын кызматкери мотоциклдин айдоочусун тапанча менен коркуткан видео тарады. Видеону активист Болот Ибрагимов Instagram баракчасына жарыялаган.

Кадрлардан мотоциклдин айдоочусу кармалганын көрүүгө болот. Милиция кызматкерлеринин бири ага тапанча такаган. Мотоциклдин айдоочусу жол эрежесин бузгандыгы үчүн кармалганын ИИМдин Патрулдук милиция кызматынын маалымат кызматы билдирди.

«Милиция кызматкерлери мотоциклдин айдоочусун Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен токтотууга аракет кылышкан, бирок ал токтобой кетип калган. Мотоциклдин айдоочусу 12-кичи райондон кармалган. Ал мас абалында болгон, аны экспертиза тастыктады. Айдоочуга тапанча такаган милиция кызматкерине карата кызматтык иликтөө башталды», — деп билдиришти редакциядан.

Видео:

https://like.kg/kadamzhajda-chaban-zha%d2%a3y-t%d3%a9r%d3%a9g%d3%a9n-ymyrkajdyn-s%d3%a9%d3%a9g%d2%afn-taap-aldy/
Яндекс.Метрика