Видео Жаңылыктар

Видео. Бишкектин чок ортосунан 3 бала кызды уурдап кетишкен

Бишкекте 27 жаштагы кызды ала качып кетип, эки күндөн бери дайынсыз болууда. Кызды уурдап жаткан учуру видеого түшүп калган. Анда Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала кызыл түстөгү унаага кызды салып кеткенин көрүүгө болот.

Бул боюнча Биринчи Май райондук милициясынын маалымат кызматы төмөнкүлөрдү билдирди. 5-апрель күнү саат 07:30 чамасында 102 кызматына Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч белгисиз жаран кыз ала качып кетишти деген маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барып, маалыматты тактаганда 3 белгисиз адам 1994-жылы К.А. аттуу кызды Хонда унаасына салып, белгисиз тарапка кетишкени белгилүү болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене «никеге туруу максатында адам уурдоо» менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда кыздын жана аны ала качты делген жарандардын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Яндекс.Метрика