Видео Жаңылыктар

Видео. Кыргызстанда чыгарылган автобустар колдонууга берилди

Кечээ, 29-январда Кыргызстанда чогултулган алгачкы «BELES» жүргүнчү автобустары колдонууга чыгарылды. Маалым болгондой, автобус европалык DAF концерни менен бирге чогултулган.

Колдонууга берилген автобус тууралуу толук маалымат азырынча айтыла элек. Энергетика жана өнөр жай министрлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Мурдагы энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп иштеген Бакыт Дегенбаев өткөн жайда жүргүнчүлөрдү ташуучу автобусту чогултуу планы тууралуу маалымат берген. Анан күзүндө автобустарды чогултуу башталарын айткан эле.

Биринчи ата-аекендик автобус Евро-5 дизелдик кыймылдаткычында жүрөт. Ошондой эле электр менен жүрүүчү автобустарды чогултуу пландалууда.

Видео:

Яндекс.Метрика