Видео Дүйнөдө

Видео. Кыргызстандык айдоочу Питерде Полиция менен кубалашты

Санкт-Петербургда жол полициясынын инспекторлору Daewoo унаасын айдап бара жаткан Кыргызстандын жаранын кубалашкан. «Вконтакте» социалдык тармагындагы «Жол инспектору» баракчасында маалымдалгандай окуя 13-январда түнкү саат экилер чамасында болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери фараларын өчүрүп бара жаткан Daewoo унаасын байкагандан кийин унаанын айдоочусунан токтоону талап кылышкан, бирок ал ага көңүл бурбай, жашырынууга аракет кылган. Инспекторлор 20 мүнөттөй унаанын артынан кубалашкан. Бул убакыттын ичинде айдоочу бир тараптуу жол менен айдап, бир нече жолу патрулдук автоунааны сүзүп кетүүгө аракет кылып, жол чырактын кызыл белгисине өтүп кеткен.

Аягында айдоочу унаасын короолордун бирине таштап кеткен. Авто короодогу унаалардын биринин астынан табылган. Жашынып отурган айдоочу бирөөгө телефон чалууну чечип, анда телефонунун добушун катуу чыгарып алган. «Абонент аймактан тышкары» деген жообу полицияга угулуп калып, ал кармалып калган. Кармалган адам Кыргызстандын 20 жаштагы жараны болуп чыккан. Ал унааны лицензиясы жок айдап жүргөнүн айткан. Жигитке карата бир нече административдик протоколдор түзүлгөн.

Яндекс.Метрика