Видео Жаңылыктар

Видео. Түнкү клубда мас кыздар милицияга кол салышты

Бишкекте кыздар чатак чыгарып, андан кийин түнкү клубдун күзөтчүлөрүнө кол салышкан. Окуянын видеосу «oppa_kg» Instagram каналында пайда болду. Такталгандай, окуя бүгүн саат 3.00дөр чамасында «Nirvana» түнкү клубунда болгон.

«Мекеменин коноктору чатак чыгарышты. Коопсуздук кызматкери аларды тынчтандыруу үчүн алардын жанына келгенде, төрт кыз ага кол салып, бетине урушкан.

Мас кыздар борбордун Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилишти», — деп айтылат видеонун алдында. Бул маалыматты Патрулдук милиция бөлүмүнөн тастыкташты.

Министрликтин маалыматы боюнча, тополоң чыгарган кыздар милиция кызматкерлерине да кол салышкан. «Чыгыш-5 кичи районундагы түнкү клубда мушташ болгон деген 102 линиясына чалуу саат 4.00 чамасында түшкөн.

Окуя болгон жерге патрулдук милиция келгенде, кыздар күзөтчүлөр менен мушташып жатышкан. Биздин кызматкерлер аларды бөлө баштады, ошол учурда кыздар уят сөздөрдү сүйлөп, аларга кол салышты. Кыздар Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилип факты ЭРППде катталган», — деп кошумчалады.

Видео:

Яндекс.Метрика