Жаңылыктар

Жээнбеков качан отставкага кетээри белгилүү болду

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Садыр Жапаров жолугушту. Жапаровдун айтымында президент бүгүн арызын жазып отставкага кетмек.

Ал учурда Садыр Жапаровду колдогон эл кайрадан эски аянтка чогулуп президенттин кетүүсүн талап кылышты. Мына сага деп Сооронбай Жээнбековду колдогондор дагы митинг өткөргөнгө жетишишти. Кечинде Жапаров менен Жээнбеков кайрадан жолугушуп учурдагы абалды талкуулашты.

Президенттин катчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, анда президент парламенттик шайлоо аяктагандан кийин отставкага кетээри белгилүү болду. Садыр Жапаров аянттагы аны күтүп турган элге келип абалды түшүндүрүп алардын тарап кетүүсүн суранды. Бирок алар тарабай жатышат.

Яндекс.Метрика