Жаңылыктар

Жоголуп кеткен 45 жаштагы аялды 200дөн ашык адам издеп жатат

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Кожонова Мактым өзү жашап жаткан үйүнөн 2020-жылдын 23-ноябрь күнү болжол менен саат 20:30дар чамасынды чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Мактымдын жолдошу экөөнүн 5 кызы жана 1 уулу бар, эң кичүүсү 6 жашта. Өзгөчө кырдаалдын кызматкерлери, кинологдор иттери менен, жергиликтүү милиция, айылдаштары болуп 200дөн ашык адам издеп жатат.

Балдарынын айтуусунда ал ошол күнү кечинде белгисиз тарапка басып кеткен, телефону үйдө калган, көп өтпөй кызы артынан барып таппай калган. Ал эжесиникине же кошуналарга барышы мүмкүн экенин айтышкан. Бирок эч ким көргөн эмес. Күйөөсү менен урушуп кеткен деген божомолду балдары четке кагышты. Келининин айтуусу боюнча ал акыркы 2 күн бою өзүн жаман сезип, бир нерсеге кыжаалат болуп жүргөн.

Видео:

Яндекс.Метрика