Жаңылыктар

Өлкө бандиттердин колуна түшкөнү турат

5-октябрда башталган митингдин арты төңкөрүшкө айланган. 2 күндөн бери өлкөдө абал тынч эмес. Буга себеп шайлоого өтпөй калган ондогон партиялардын лидерлери аларды колдоп келген эл Бишкектин аянттарынан таркай элек. Маалыматтарга караганда алар бийликти бөлүштүрө албай жатышат.

6-октябрь кечинде «Достук» мейманканасында 6-чакырылшынын депутаттары чогулуп Садыр Жапаровду бир добуштан өкмөт башчы кылып шайлашкан. Эртеси күнү «Садыр Жапаровду криминалга тиешеси бар адамдар жандап жүрөт» деген маалыматтар тараган. Буга далил болуп интернетке сүрөттөр жарыялана баштаган.

Бир күн мурда эле баарыбыз бириктик дешкен партия лидерлеринин пикирлери келишпей ар кимиси өз тагдырларын ойлоп жаткан учур. Бүгүн болсо «Ата мекендин» талапкери Тилек Токтогазиевди премьер-министрилкке көрсөтүшүп жатышты. Башка партия өкүлдөрү «эгер Садыр Жапаров бийликке келе турган болсо анда өлкөнү криминалдык топ башкарып калат» деген ойлорун айтышууда.

Жаштар болсо эскилерди бийликте көргүлөрү келбей тургандыгын билдиришип бир күн кечке митинг өткөрүп жатышты. Буга эл арасында чоң кадыр баркка ээ бир лидер жоктугунан кабар берет. Сооронбай Жээнбеков болсо эл алдына чыга элек,ал кайда экени да так белгисиз, бирок ал маал маалы менен кайрылуу жасап мыйзамдуу президент экенин айтып келет. Мындан ары өлкө келечеги кандай боло эч ким жооп бере албайт.

Яндекс.Метрика