Жаңылыктар

Жапаров: Жээнбеков менен да Матраимов менен жолуккан жокмун

7-октябрда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров соңку кырдаал боюнча маалымат жыйын берди. 

Жыйындын жүрүшүндө ага  Райымбек Матраимов жана Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, сүйлөшүүгө барып жаткандыгы тууралуу кептер айтылып жаткандыгын билдирип журналисттер суроо узатты.

“Кудай алдында ачык айтам, мен Жээнбеков менен да Матриамов менен жолуккан жокмун, сүйлөшүүлөрдү жүргөн жок”, – деп жооп узатты Жапаров.

Мындан сырткары азыр айрым жаштар “эскилер кетсин, жаңы жүздөр келсин” деп талап кылып жатканы тууралуу суроо узатып ага Жапаровдун көз карашы кандай экендигин сурашты.

Буга Жапаров: “жаңылар келсин, эскилердин келишине мен каршымын” деп жооп берди.

Яндекс.Метрика