Жаңылыктар

+439. Сутка ичинде 85 адам каза болду

Өлкөбүздө абал курчугандан курчуп баратат. 15-июлга карата өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 439 адамга көбөйүп жалпы саны 11977ге жетти.

Сутка ичинде коронавирустан көз жумган адамдардын саны 11, ал эми пневмониядан каза тапкандар 74 адам болду!

Коронавирустан каза болгондор:

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 63 жашта)
№ 1 Шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 64 жашта)
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта)
Улуттук фтизиатрия борборунан – 1 (эркек, 64 жашта)
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аялдар – 54, 61 жашта)
Баткен облустук ооруканасынан – 2 (эркек, 49 жашта, аял, 58 жашта)
Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 53 жашта, медик)
Тоң аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 58 жашта, аял, 36 жашта).

Коронавирус жуктуруп алгандар облустар боюнча:

Бишкек шаары – 172
Чүй облусу — 70
Ош шаары — 53
Ош облусу — 30
Жалал-Абад облусу — 32
Баткен облусу — 66
Ысык-Көл облусу — 14
Нарын облусу — 1
Талас облусу – 1

Дагы 105 медицина кызматкери вирусту жуктуруп алышты. Сутка ичинде сакайып чыккандардын саны 91 адам.

Маалыматты Айнура Акматова билдирди.

Яндекс.Метрика