Кызыктуу Окуялар

Айтбекова канткенде аялды ырахаттын туу чокусуна чыгарса болорун айтып берди

“Назира, канткенде аялды ырахаттын туу чокусуна чыгарабыз? “ деген суроо келди.

Аялдын моокумун кандырыш үчүн “алигисинин” өлчөмүнүн кажети жок! Өлчөм роль ойнобойт! Алигиңер тим эле укмуш болуп, тарсылдаткан жагынан алдыга ат салдырбаган күнү да ал аялды кумардын туу чокусуна жеткире албайт!

Айтбекова ырахаттын туу чокусуна чыгып жаткан кези

Аялдын жан дүйнөсүнө кирип , жүрөгүн багындырган гана эркек төшөктө “гигант” болуп эсептелинет. Аялдын кумары жан жеринде эмес. Аялдын кумары мээсинде!

Жылуу сүйлө, эркелет, ал үчүн тоону томкор, ал сен үчүн кандай маанилүү экенин көргөз , аны менен эсептеш, укканды бил, дос бол, сырдаш. Жөлөк бол. Сага башын жөлөсүн.

Шыпты тиктеп, дөңгөч болуп жатса, үстүнө түйшүк үйүп койгонуңдун белгиси. Муздак болуп, жибибей, көңүлүн салбай жатса, же “Башым ооруп атат” шылтоосу көп болсо, көңүлүн муздатып койдуң дегендик! Күнүмдүк түйшүктү ойлонбой , жан дүйнөсү тынч, бакубатка толуп , сүйүүгө сугарылган аялдын шаңкылдап үнү, кымырылып кылыгы чыгат.

Ошон үчүн урологдун кабинетинде “Алигимди кантип чоңойтом?” менен эмес “Аялдын көңүлүн кантип багындырам?” менен алек болуңуз»-деп билдирет Айтбекова.

Яндекс.Метрика