Жаңылыктар

«Акимдер жөө жүрсүн». Анжелика алына турган жол тандабас унааларга ачууланды

Ырчы Анжелика акимдерге алына турган жол тандабас унаалар тууралуу оюн айтып чыкты. Өкмөт 40 райондун акимине 60 миллион сомго унааларды сатып алуу үчүн тендер жарыялаган эле.

«МЧСтин проблемасын билишет бекен? Көйгөй жаратып, маселе көтөргөндөр иштен кетсе- унчукпагандар министрликте отурат окшойт.

Бизге кандай унаалар керек? Өрт өчүрүү унааларынын шлангдары тешилип, ЖҮРБӨЙ калган!!!

ТЕЗ ЖАРДАМ УНААЛАРЫНЫН ПЕЧКАСЫ КЫШЫНДА ИШТЕБЕЙ, ичинде кислород маскалары жок! Райондордо жетишсиз!!!

Элдин камын ойлогулачы, суранам! Акимдер жөө жүрсүн! Иштейм дешсе-ӨЗ УНААСЫ МЕНЕН КОШО КЕЛСИН! Билебиз, акчасы жоктор отурбайт андай кызматта!» — деп жазган ырчы айым.

Яндекс.Метрика