«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Орозайым Нарматова Ош аэропортунан кармалды
Толугу менен Орозайым Нарматова
- "Диплом алып кайра келем". Нарматова жаңы шайланган Айгүл Айдарова тууралуу оюн билдирди
- Жетинчи чакырылыштын эң жаш депутаты Орозайым Нарматова болобу?
- Орозайым Нарматовага эмне айып коюлганы белгилүү болду
- Жанар Акаев: "Нарматованын кармалышы чектен чыккан иш болду"
- Орозайым Нарматова: "Садыр Жапаров казино ачып" каралардан" карызын кутулабы?"
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, журналист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясы билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 10-сентябрь күнү саат 05:00 чамасында кармалган. Ал эмне үчүн кармалганы азырынча белгисиз.
УКМК аны Оштон Бишкекке алып кеткенин партиялаштары билдиришти.
Нарматова 2015-2017-жылдары «Мекенчил» партиясынын мүчөсү болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлгөн.
Ал Москвада туруп интернетте активдүү иш алып барып, азыркы бийликке карай сын айтып келген.