Жаңылыктар

Бейшеналиев: Жумабеков өзүн-өзү директор кылып шайлап жүргөн

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Kaktus.media сайтынын редакциясына Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун кайра түзүү планы боюнча комментарий берди. Эске салсак, ал жерде тез жардам ооруканасын ачуу пландалууда.

«Эми элдин баары Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековду маселенин тереңдигин билбей туруп коргошот. Мен коллектив менен жолугуп, ал жакта баары өз адамдары отурганын түшүндүрдүм. Бүткүл Кыргызстан эли билет, ал жерге өзүнүн тааныштарын, туугандарын койгонун. Жумабеков оорукананы менчиктештирип алган. Эл ушинтип айтып жатат», — деди Бейшеналиев.

Кечээ Жумабековдон «Сизди директор кылып ким дайындады?» деп сурадым. Аны Иса Өмүркулов койгон экен. Ошондон кийин өзүн-өзү директор кылып шайлап жүргөн экен, орун басарларды, бөлүм башчыларды өзү дайындаган экен. Мен айттым, “Кимге отчет бересиң, өзүңдү кызматка койгондон кийин өзүңдү иштен ал, Саламаттыкты сактоо министри катары мен сени кызматтан ала албайм, анткени сени мен дайындаган эмесмин.»


Феликс Куловдун Жумабеков оорукананын аймагына жаңы имарат куруу үчүн шейхтерден акча тарткан деген сөзүнө байланыштуу Бейшеналиев бул 2017-жылы болгонун, Кувейт өкмөтү бул акчаны балдар онкологиясын курууга бөлгөндүгүн айтты. «Кадырын салып жана тааныштары аркылуу Жумабеков Кувейттин элчиси менен жолугуп, бул акчаны тартып алган», — деп түшүндүрдү Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.

«Баары ал жөнүндө ачык айтуудан коркушат. Бирок мен коркпойм. Мен Кыргызстандын элинин саламаттыкты сактоо тармагында тартипке келтиргим келет. Эми Жумабековдун бардык тааныштары, мурдагы депутаттар, мурдагы министрлер, академиктер, баары мага каршы чыгышат. Бул Жумабеков менен Бейшеналиевдин ортосундагы конфликт деп ойлоп.

Бирок мен Кыргызстандын ден соолугуна жооп берем. Саламаттык сактоо министрлиги акча төлөйт, ММК Фонду Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна акча төлөйт. Эч кандай таасир эткен жок. Бир дагы министр ал жакка барган эмес, анткени баары өз кызматтарынан коркушту, анткени борбордун директорунун тааныштары бардык жерде бар», — деди Бейшеналиев.

Анын айтымында, оорукана Кыргызстан үчүн эмес, директордун «капчыгын толтуруу үчүн» иштеген. «Жумабековго караганда жакшы операция жасаган, татыктуу хирургдар бар. Мен да ошол жерде иштегем. Мен ага ачык айткым келет, элди алдабай, токтоткула», — деп кошумчалады Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы. Жаңы директор боюнча ал эч кимди дайындабай турганын түшүндүрдү – тандоону коллектив жасайт.

Белгилей кетсек, Сабырбек Жумабековдун өзү комментарий алуу үчүн жеткиликсиз.

Яндекс.Метрика