Жаңылыктар

Бишкекте уу коргошунга ууланып калган бир адам катталды

Бишкекте Ысык-Көлдүн тамырынын тундурмасын (уу коргошун) ичип ууланган экинчи окуя катталды. Маалыматка ылайык, жабырлануучу тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Баш калаанын шашылыш жардам борборунда бул фактыны тастыкташты.

Иллюстрация

«Ооба, чындыгында, бүгүн эртең менен саат 5.00 чамасында бизге 63 жаштагы эркек киши чалды.

Жүрөк ритминин бузулушу менен оор абалда бейтап Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды. Ооруканага жаткырганда гана ал Ысык-Көлдүн тамырынан жасалган тундурма ичкени белгилүү болду.

Анын кайдан келип чыгышы жана кандай максатта ичкени бизге белгисиз. Ага кимдир бирөө жазып бергенби жокпу билбейбиз. Жабырлануучуга биз тараптан бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлдү», — деп билдиришти тез жардам борборунан.

Белгилей кетсек, 16-апрелде социалдык тармактарда борбор калаанын №10 кичи районунун тургуну Саламаттыкты сактоо министри жарыялаган Ысык-Көл тамырынын тундурмасын ичкенден кийин өзүн жаман сезген деген маалымат пайда болгон. Бул тууралуу профессор, медицина илимдеринин доктору, КРСУнун Базалык жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы Аида Зурдинова Facebook баракчасына жазган. Кийинчерээк бул маалымат тастыкталган эмес.

Яндекс.Метрика